super.kg logo

Ошто Жаратылышты коргоо күнү белгиленди

 

Ош технологиялык университетинде 5-Июнь - Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү белгиленип, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо кафедрасынын уюштуруусундагы концерттик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Ага окуу жайдын технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин окутуучулук-профессордук жамааты менен студенттери, ректораттын, Ош облустук айлана-чөйрөнү коргоо жана токой экосистемин өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышышты.

Алгач келген коноктор тарабынан куттуктоо сөздөрү айтылып, экология тармагына активдүү салым кошкон окутуучуларга, алдынкы студенттерге Ардак грамоталар тапшырылды.

Кеченин жүрүшүндө экологиянын көйгөйлүү маселелери чагылдырылган сахналык көрүнүштөр, ыр-бийлер, интермедиялар жана көркөм окуулар тартууланды.

Соңунда сынактын жеңүүчүлөрү аныкталып, баалуу белектер жана ОшТУнун профсоюз уюмунун акчалай сыйлыгы тапшырылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: