super.kg logo

Кулжаларга тагылган спутниктик-радиокаргыдан алардын миграциясы изилденүүдө

 
Тоо текелердин 4 кїндїк миграциясы белгиленген карта
Иш-чараны ишке ашырууга катышкандар
Узундугу 800 метр келген тартылган тор.
Узундугу 800 метр келген тартылган тор.
Ташка жөлөнүп коюлган каргылар жана керектүү буюмдар.
Kаргы тагылган тоо текелерди кое берүү кези.
Каргыларды тагуу кези.
Торго түшүп, көзү байланган тоо текеси
Каргыларды тагуу кези.
Каргыларды тагуу кези.
Kаргы тагылган тоо текелерди кое берүү кези.
Бийиктеги топтолушкан аркарлар.
Иш-чараны тарткан топ.
Учурда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөнүндөгү моюнуна спутниктик-радиокаргы тагылып коё берилген 2 кулжанын миграциясы изилденүүдө. Бул тууралуу Бишкектеги Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин Аңчылыкты координациялоо жана аңчы чарбасынын ишкердигинин бөлүмүнүн жетекчиси Талант Турдуматов 2014-жылдын 5-июнунда маалымат берди.

Талант Турдуматовдун айтымында, аркар-кулжалардын популяциясынын абалын изилдөө жана аларды сактоо максатында атайын программа кабыл алынган. Анын негизинде аркар-кулжалардын ээлеген аймагын, миграциясын изилдөө, аларды коргоо үчүн аталган департамент 5 GPS (спутниктик-радионавигациялык систем) каргысын сатып алган. 

"Анын экөөсүн үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягында Ысык-Көлдүн Жети-Өгүзүнүн Сырт өрөөнүнө Кыргыз улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери менен чогуу барып, 2 тоо текенин моюнуна тагып келдик. Ошондон бери GPS аркылуу алардын күндө кайсы тарапка канча чакырым жолду басып өтүп жаткандыгын байкап жатабыз. Изилдөөлөрдөн тоо текелер Казакстан же Кытай тарапка да өтүп кетип жатканы же кетпегени аныкталат. Учурда тоо текенин бири мөңгүлөрдүн жанында жүрсө, экинчиси андан тескери тарапта жүргөнү билинүүдө",- деди ал. 

Бишкектеги Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин Аңчылыкты координациялоо жана аңчы чарбасынын ишкердигинин бөлүмүнүн жетекчиси Талант Турдуматов: "Кызыгы, биз каргыларды тагып келебиз деп Сыртка 2 жолу барып, бирок катуу суук жана калың жааган кардан улам тоо текелерди кармоого мүмкүн болбой кайтып келген элек. Үчүнчү жолу барганда гана тилегибиз ишке ашты. Текелерди кармоо үчүн узундугу 800 метр келген тор орноттук. 

Текелер аларга илинип калганда көздөрүн байлап, анан каргыны тагып, коё бердик. Экөөсү тең 7 жаштан өткөн чоң текелер. Көзүн таңып койгондо алар жаш баладай болуп, кыймылдабай жатып беришет экен. Бизде аларды убактылуу уктатуучу ок менен атып кармоого деле мүмкүнчүлүк бар болчу. 

Бирок бийик тоо климатында андай ок менен атканда тоо текелердин организми жабыркап, ооруп, узакка өздөрүнө келе алышпайт. Ал тургай өлүп калуулары мүмкүн. Андыктан алардын эч жерине залал келтирбей тор менен кармоону чечкенбиз. 

Каргылардын батарейкасы 2 жылга дейре иштөөгө жетет. Анан мөөнөтү бүттү деген күнү каргы кулжалардын моюнунан өздөрү автоматтык түрдө түшүп калат. Демек, биз кулжалардын миграциясын 2 жыл изилдей алабыз.

Эми калган 3 каргыны Нарындагы жаныбарларга колдонобуз деп турабыз",- деп кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: