super.kg logo

Бишкекте гүл сүйүүчүлөр үчүн үйдө өстүрүлүүчү гүлдөрдүн көргөзмөсү өтүүдө (фоторепортаж)

 
Көргөзмөгө үйдө өстүрүлүүчү гүлдөрдүн миңге жакын түрү коюлган.
Көргөзмөгө келген айымдардын саны арбын. Айымдар эле эмес, ары-бери өтүп жаткан мырзалар да кызыгып, гүлдөрдүн аталышына, бааларына кызыгып жатышты.
Түнкү тозот гүлү.
Фиалка гүлүнүн 450гө жакын түрү бар.
Сатуучулардын айтымына караганда, алар гүл менен "ооруп" калышат. Ал эми алардын негизги көйгөйү - башкаларда жок гүлдү таап, аны өстүрүү.
Көргөзмөгө коюлган гүлдөрдүн баасы 50 сомдон 4000 сомго чейин.
Көргөзмөгө коюлган гүлдөр.
Көргөзмөгө коюлган фиалка гүлдөрү.
Көргөзмөгө коюлган фиалка гүлдөрү.
Көргөзмөгө коюлган гүлдөрдүн кооздугу көз жоосун алат.
Көргөзмөгө коюлган гүлдөр.
Азалия гүлүнүн бир түрү.
Бугенвилия гүлүнүн бир түрү.
Үйдө өстүрүлүүчү бугенвилия гүлү.
Бугенвилия гүлү чоңойгондо ушундай кооз бакка айланат. Ал эми баасы кичинекей чакадагысы 600 сом, чоңу 4000 сомдун тегерегинде.
Көргөзмөгө коюлган гүлдөр.
Көргөзмөгө коюлган гүлдөр.
Эл ичинде көп сатылуучу гүл түрү, башкача айтканда, "акча чакыруучу гүл" деп аталып келген гүл.
Изолепсис кооздоо үчүн колдонулат. Сатуучунун айтымында, ал Африкада көп кездешет.
Көргөзмөгө келген ар бир айым эң аз дегенде бирден гүл алып кетип жатты.
Көргөзмөдө коюлган гүлдөрдүн көптүгүнөн аларды тандоо да кыйынга турат экен.
Антуриум гүлү же эл ичинде "аял бакыты" деп аталган гүл.
Орхидея гүлү.
Гүл коллекционери Ксения Белокурованын үйүндө 800гө жакын гүл бар.

Бишкекте бүгүн, 5-июнда гүл сүйүүчүлөргө арналган “Гүл колейдоскобу” деген аталышта үйдө өстүрүлүүчү гүлдөрдүн көргөзмөсү өтүүдө. Аталган көргөзмөдө фиалка, бегония, стрептокарпус, глоксиния, кооздоо үчүн колдонулуучу жана башка гүлдөрдүн миңге чукул түрү коюлган.   

“Гүл өстүрүү менен акыркы беш жылдан бери алектенем. Көбүнчө фиалка, бегония жана стрептокарпус гүлдөрүн коллекциялап, аларды көбөйтүү менен алектенем. Жеке коллекциямда фиалка гүлүнүн 450 түрү, бегониянын 50дөн ашуун түрү жана стрептокарпус гүлүнүн 50гө жакын түрү бар. Батиримдин бир чоң бөлмөсүн мен сүйүп өстүргөн гүлдөр ээлеп турат. Андан сырткары ар бир бөлмөдө атайын текчелер орнотулган. Кыскасы, үйүмдүн ичи өзүнчө эле күнөскана. Башында гүлдөрүм ооруп, жалбырактары түшүп калса аябай капаланчумун. Бирок тажрыйба топтогондон кийин өзүм кетирген каталарымды түшүндүм”,- дейт гүл коллекционери Ксения Белокурова.

Анын айтымында, гүл өстүрүү баарынын эле колунан келе бербейт. Аларды көбөйтүү, аларга кам көрүү да өзүнчө түйшүктүү иш.

“Гүл көбөйтүү чыгашалуу иш. 5 жылдан бери бир топ каражат сарпталды. Ал үчүн атайын жарыктандыруу, текчелер жана башка жабдуулар керектелет. Эң негизгиси өзүң жасап жаткан жумушту жакшы көрүү, ошондо гана ал сага өз үзүрүн берет. Гүлдөргө үйдө мен эле эмес, жолдошум, уулум да суктанат”,- деп кошумчалайт К.Белокурова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
05.06.2014. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсыл жерле жана канчасына чейин?
05.06.2014. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун гулдор экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: