Ош шаарында жашы жете элек кыздарды турмушка берүү көбөйүүдө
Ош шаарында жашы жете элек кыздарды турмушка берүү фактылары
күн санап өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда SUPER.KG порталына Ош шаарынын
казысы Убайдулла ажы Сарыбаев билдирди.
Автор: Мальвина Уметбекова
“Турмуш оңой нерсе эмес, ал эми жашы жете элек кыздар эрте турмушка чыгып, эч нерсеге даяр эмес болгондуктан, көпчүлүгү бир айга жетпей ажырашып кетүүдө. Мындан улам ажырашкандардын саны көбөйүүдө”,- дейт Убайдулла ажы Сарыбаев.
Казынын айтымына караганда, ар бир адам үй-бүлө курууга даяр болгондон кийин гана турмуш жолуна аттанышы керек. “Калк арасында эрте үйлөнүүнүн мыйзамсыздыгы жана ага катышкандарга карата кылмыш жоопкерчилиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү пландап жатабыз”,- дейт ажы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Эмне себептен жаш кыздар эрте бузулуп сойкулук кылып журот деп кыйкырышпайт?!
Булар Американын акчасына же мамлекетке жакшы корунуш учун ушинтип суйлоп жатышат! Бойго жеткенден кийин эрге тиет да! Же ар эркек менен жатып сойку болсунбу! Элди бузган бузукулар ушулар!