super.kg logo
  Спорт  

Грек-рим күрөшү боюнча Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш расмий түрдө ачылды

 
Мелдеш Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтүп жатат.
Ачылыш аземи спортчулардын парады менен коштолду.
Раатбек Санатбаевдин апасы Дилбар апа балдарынын коштоосунда сахнага чыгып, эл алдында бул мелдештин катышуучуларына ийгилик каалады.
Обого гимн жаңырып, мелдеш расмий түрдө ачылды.
Ачылыш аземи ыр-бий менен коштолду.

Бүгүн, 5-июнда белгилүү балбан, Азиянын 2 жолку чемпиону Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдештин расмий ачылышы болуп өттү.

Ачылыш аземинде даңазалуу балбандын апасы, жакындары, машыктыруучулары жана жакын санаалаштары сөз сүйлөштү. Андан тышкары 8 мамлекеттин спортчулары катышып жаткан мелдештин ачылышы ыр-бийдин коштоосунда өттү.   

Эске салсак, Р.Санатбаевди эскерүүгө жана грек-рим күрөшүн жайылтууга багытталган мелдеш 8 салмак категориясында өтөт (59 килограмм салмакта, 66 кг, 71 кг, 75 кг, 80 кг, 85 кг, 98 кг, 130 кг). 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: