Эртең Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт
Көмөк чордондордогу оңдоо иштерине
байланыштуу эртең, 6-июнда Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы
үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз
кызматынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 17:00гө чейин борбордогу чектелген көчөлөрдүн төрт чарчысы: Интергельпо, Дэн Сяопин, Мозолев, Пишпекская көчөлөрүндө электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт.
Ошондой эле Жайыл районуна караштуу Мал-Табар айылында, Чүй районундагы Арпа-Тектир, Карл Маркс, Чапаев айылдарында жогорку чыңалуудагы “Кара-Балта” көмөк чордонунан тараган “Кара-Ой-Кегети-1” 35/6-10 кВт аба электр аба чубалгыларында, №329-трансформаторундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.