super.kg logo

Ак-Талаа районунда кар аралаш жааган жамгырдан улам кырылган малдын чыгымы 3 миллион сомдон ашты

 
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 2-3-июнь күндөрү кар аралаш жааган жамгырдан жана катуу жааган мөндүрдөн улам айыл аймактарынын жайлоолорунан майда жандыктар жана ири мүйүздүү бодо малдын өлүмдөрүнүн такталган саны 684кө жетип, базар баасы менен алганда 3 миллион 294 миң сом зыянга учурады. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы Ак-Талаа району боюнча өкүлү Азамат Исмаиловго шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, Кош-Дөбө айылында 21 кой, 5 козу, Жерге-Талда 11 кой, Коңорчокто 104 кой, 23 козу, Кара-Бүргөндө 3 кой, 5 козу, 2 эчки, 2 улак, Ак-Чийде 97 кой, 8 козу, 1 эчки, 2 улак, Баетовдо 94 кой, 1 улак, 3 жылкы, Теректе 139 кой, 1 козу, 1 эчки, 1 уй, Үгүт айылында 32 кой, 2 улак, Ак-Талда 15 кой, Жаңы-Талапта 12 кой, 13 козу, 8 эчки, 24 улак, 2 торпок, Тоголок Молдодо 31 кой, 6 козу, 1 эчки, 1 улак, 1 торпок, 1 кулун, Кызыл-Белесте 8 кой, 2 эчки, 1 торпок өлгөн. Аталган аймактарда жалпы 684 баш мал өлүмгө учураган.

Малдын кырылуусу боюнча атайын комиссия түзүлүп, ага Райондук айыл чарба департаментинин башчысы Н.Керимкулов, Райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Д.Саткынов, ӨКМнын Ак-Талаа райондук бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Исмаилов, Райондук агропосттун агротехниги Н.Элеманов жеринен барып көрүшүп, кеткен чыгымды базар баасы менен алганда 3 миллион 294 миң сом зыянга кириптер болгонун маалымдашты.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: