super.kg logo

Бүгүн Бишкектин мэриясынын алдына №64-бала бакчанын кызматкерлери пикетке чыгышты (фоторепортаж)

 
Бүгүн, 6-июнда Бишкектин мэриясынын алдында Ленин районундагы Тынчтык-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан №64-бала бакчанын 10го жакын кызматкери нааразычылык акциясын уюштурушту. Алар аталган бала бакчанын башчысы Дамира Жугашбаеваны кызматтан бошотуу талабы менен чыгышты.
Митингчилер менен эң биринчи болуп Шаар башкармалыгынын вице-мэри Айгүл Рыскулова жолугушту.
Айгүл Рыскулова талаптарды угуп, мэриянын Билим берүү департаментинин башчысына Д.Жугашбаеваны убактылуу кызматтан бошотууну буйруду.
Митингчилердин айтымында, ал 20 жылдан бери мекемени башкарып келет. “Ушул убакыттын ичинде ал бала бакчанын кызматкерлерине өз үйүн жыйнаткан. Мындан тышкары Д.Жугашбаева балдарга менюну түзгөндү дагы деле билбейт. Ал эми бизге болгон мамилеси өтө начар”,- деп нааразычылыктарын айтышты алар.
Митингчилердин айтымында, ал 20 жылдан бери мекемени башкарып келет. “Ушул убакыттын ичинде ал бала бакчанын кызматкерлерине өз үйүн жыйнаткан. Мындан тышкары Д.Жугашбаева балдарга менюну түзгөндү дагы деле билбейт. Ал эми бизге болгон мамилеси өтө начар”,- деп нааразычылыктары менен бөлүштү алар.
Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин башчысы Сауле Мейрмановага №64-бала бакчанын башчысын убактылуу кызматтан бошотуу боюнча буйрук айтылды.
№64-бала бакчанын башчысы Дамира Жугашбаевага айып тагуу боюнча Ленин райондук сотунун токтому.
Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов митингчилердин нааразычылыктары менен таанышып, “Бул маселени мэрия эмес, тиешелүү сот чечет. Сот өз токтомун чыгаргандан кийин мэрия аны аткарат” деп айтты.
Өз жумуштары менен шашып бара жаткан Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов
Өз жумуштары менен шашып бара жаткан Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов митингчилердин талаптарын угууда.
Өз жумуштары менен шашып бараткан Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов да митингчилер менен сүйлөшүп калды. Аябай шашкандыктан, ал тиешелүү комиссияга кайрылууну суранды.
Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов митингчилердин нааразычылыктары менен таанышып, “Бул маселени мэрия эмес, тиешелүү сот чечет. Сот өз токтомун чыгаргандан кийин мэрия аны аткарат” деп айтты.

Бүгүн, 6-июнда эртең менен Бишкектин мэриясынын алдында Ленин районундагы Тынчтык-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан №64-бала бакчанын 10го жакын кызматкери нааразычылык акциясын уюштурушту. Алар аталган бала бакчанын башчысы Дамира Жугашбаеваны кызматтан бошотуу талабы менен чыгышты.

Митингчилердин айтымында, ал 20 жылдан бери мекемени башкарып келет. “Ушул убакыттын ичинде ал бала бакчанын кызматкерлерине өз үйүн жыйнаткан. Мындан тышкары Д.Жугашбаева балдарга менюну түзгөндү дагы деле билбейт. Ал эми бизге болгон мамилеси өтө начар”,- деп нааразычылыктары менен бөлүштү алар.

“Биздин негизги нааразычылыгыбыз - Д.Жугашбаеванын бир топ жолу соттолгондугу. Ал “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана "мамлекеттик мүлктү уурдоо" беренелери боюнча айыпталууда. Учурда жүрүп жаткан соттук иштерде биз күбө катары катышуудабыз”,- дешти бала бакчанын кызматкерлери.

Митингчилер менен эң биринчи болуп Шаар башкармалыгынын вице-мэри Айгүл Рыскулова жолугушту. Ал талаптарды угуп, мэриянын Билим берүү департаментинин башчысына Д.Жугашбаеваны убактылуу кызматтан бошотууну буйруду.

Андан соң Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов митингчилердин нааразычылыктары менен таанышып, “Бул маселени мэрия эмес, тиешелүү сот чечет. Сот өз токтомун чыгаргандан кийин мэрия аны аткарат” деп айтты. Бул маселени толук изилдеш үчүн ал бала бакчанын кызматкерлерин дүйшөмбү күнү мэрияга чакырды.

Өз жумуштары менен шашып бара жаткан Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов да митингчилер менен сүйлөшүп калды. Аябай шашкандыктан, ал тиешелүү комиссияга кайрылууну суранды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: