Энергетика тармагында коррупциялык схемалар аныкталды
Энергетика тармагында коррупциялык схемалар аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 6-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, “Электр станциялары” ишканасынын кызмат адамдары 2010-2012-жылдар аралыгында электр жана жылуулук энергиясын иштеп чыгууда чоң көлөмдөгү отун (көмүр, мазут) эсептен чыгарылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө ал жерде коррупциялык көрүнүштөр аныкталган. Учурда бул боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.