Каракол шаарында белгилүү акын Александр Пушкиндин 215 жылдыгына карата иш-чаралар өтүүдө
Каракол шаарынын А.С.Пушкин атындагы сейил багында бүгүн, 6-июнда акындын
215 жылдыгына арналган иш-чара өтүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз
кызматынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, А.С.Пушкиндин туулган күнүнө арналган иш-чарага Каракол шаарынын мектептеринин окуучулары катышууда. Алар келген конокторго акындын ырларын окуп беришип, “Славяночка” элдик ансамблинин жана башка чыгармачыл топтордун аткаруусунда концерттик программалар уюштурулууда.
Эске салсак, поэзия кечесин өткөрүү демилгесин 2013-жылы өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев көтөргөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:41
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.