Бишкекте тоноочулукка шектелип 19 жаштагы жаран кармалды
Бишкекте тоноочулукка шектелип 19 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Нурсултан аттуу тургуну милиция бөлүмүнө кайрылып, Киев-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар күч колдонуп тоноп, 17 миң сомго бааланган уюлдук телефонун тартып алгандыгын кабарлаган. Ыкчам аракеттердин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү катары Сокулук районунун 19 жаштагы Эрлан аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.