Чүй облусунда мас абалында жөө жүрүүчүнү сүзүп, андан соң качып бараткан айдоочу кармалды
Чүй облусунда мас абалында жөө жүрүүчүнү сүзүп, андан соң качып бараткан айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-июнда билдирди.
Белгилүү болгондой, Көк-Жар жана Кара-Жыгач жолун бириктирип турган унаа жолунан Фольксваген Пассат унаасынын айдоочусу жолдон өтүп бара жаткан жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Бирок кырсык болгон жерге токтобой качып жөнөгөн. Окуяга күбө болгон ЖКК кызматкери аталган айдоочуну кууп жеткенде, айдоочу мас абалында экени белгилүү болгон. Учурда аталган факт боюнча иликтөө иштери башталып, унаа айып жайына токтотулду. Жабыркаган адам ооруканага жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.