super.kg logo

Жалал-Абад облусунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду

 

Жалал-Абад облусунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 6-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагында 5-июнь күнү саат 23:30 чамасында Кызыл-Бейит айылынын жайлоосуна баруучу жолдун Күрп-Сай - Кызыл-Бейит ашуусунда Опель Фронтера үлгүсүндөгү унаа 300-400 метр бийиктиктен сайга түшүп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, каза болгондорду жана жабыркагандарды автоунаанын ичинен чыгарышкан. Каза болгондордун жансыз денелери милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Жабыркагандар "Тез жардам" кызматынын унаасында Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.06.2014. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оа бул кайгылуу окуя баарыбызга кутуусуз болду эс кимдин башына мындай сыноо кайгыны салбасын жаратканым калган жашынарды балдарынарга берсин Экоо тен менин жакын адамдарым бири таякем болсо бири жакшы коргон жездем эле жаткан жеринер жайлуу топурагынар торко болсун жол алыс болгондугуна байланыштуу алыста кана кабыргам кайышып кан жутуп олтурам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: