Ош шаарында жаңы ачылган "Адеп-ахлак" аталышындагы лагерге алгачкы каттоодогу 30 бала жөнөтүлдү
Ош шаардык казыяты тарабынан борбордук Имам аль-Бухарий атындагы "Алай" мечитинин имамынын демилгеси менен мектеп окуучулары үчүн “Адеп-ахлак” лагери уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда аталган лагерге 30 бала катталып, Өзгөн районунун Салам-Алик айылындагы эс алуу лагерине жөнөтүлдү.
“Бул лагердин максаты - жаштарды туура жолго баштоо, ата-энесине жардам берүү жана башка оң сапаттарга тарбиялоо”,- деп белгилейт басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.