super.kg logo

Таласта зордукталган Калия Арабекова: “Мени зордуктаган балдар башкы акыйкатчыга "укуктарыбыз тебеленип жатат" деген мааниде кайрылуу жолдошуптур”

 
КРнын Акыйкатчысы Бакыт Аманбаев
Жогорку Соттун басма сөз кызматынын жетекчиси Айнура Токтошева

Таласта сот аткаруучу болуп иштеген 3 жаран тарабынан зордукталгандыгын билдирип жаткан Калия Арабекова Талас облусундагы кризистик борборлордун биринде баш калкалап жатат. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-июнда SUPER.KG порталына билдирди.

“Мен учурда Таластамын. Кечээ бул жактагы омбудсмендин өкүлү чакыртканынан келгем. Көрсө, мени зордуктаган балдар башкы акыйкатчыга "укуктарыбыз тебеленип жатат" деген мааниде кат жолдошуптур. Учурда Акыйкатчы институтунун башкы кеңсесинен келишип, бардык материалдар текшерүүгө алынып жатат”,- деди. 

Бул боюнча Акыйкатчы институтуна кайрылганыбызда КРнын Акыйкатчысы Бакыт Аманбаев буларга токтолду: “Чындыгында Калия Арабекова бизге кайрылган соң анын укуктары корголушу үчүн бардык аракеттер көрүлүп келген. Бирок жакында кылмышка шектелип жаткан жарандардын жакындары атайын кайрылуу жасап, жолугушууга келишиптир. Алардын айтымында, окуя таптакыр башкача өңүттө болуптур. Кылмышка шектелип жаткан жарандар да кыйноолорго кабылгандыгын айтышты. Андыктан биз бир жактуу болбош үчүн атайын комиссия түзүп, аталган иштин анык чоо-жайын билүү үчүн Таласка жөнөттүк. Биз бирөөнүн укугун коргойбуз деп экинчисинин укугун тебелеп койбошубуз керек. Андыктан ар тараптуу иликтешибиз керек”.

Ал эми Арабекованын сотко нааразычылык билдирип жатканы боюнча Жогорку Сотко кайрылганыбызда аталган мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Айнура Токтошева: “Негизинен аталган факт 2013-жылдын 30-декабрында болгон экен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталганда Калия Арабекова тосмо арыз жазганына байланыштуу кылмыш иши жабылган. Бирок кийин Арабекова Талас облустук прокуратурасына арыз жазгандан кийин аталган иш кайра жанданган. Учурда ал иш боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат. Соттун чечими чыга элек, болгону кылмышка шектүүлөрдү үй камагына чыгаруу боюнча баш коргоо чарасы кабыл алынган. Качан иш иликтенип бүткөн соң, ал сотко өткөрүлөт. Күнөөлүү болуп табылса, алар сөзсүз өз жазаларын алышат”,- деп билдирди.

Эске салсак, Талас облустук сотунун Илгиз Карымбаев, Алтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев аттуу сот аткаруучулары өткөн жылдын 30-декабрында Калия Арабекованы зордукташканы айтылууда. Арабекованын айтымында, аталган сот аткаруучулар келиндин мурдагы күйөөсү алимент үчүн акча которгонун айтып, “алимент акчаңды ал” деген шылтоо менен үйүнө алдап чакырып, түнү бою зордукташкан. Бул окуя боюнча Талас шаардык милициясы кылмыш ишин козгогон. Зордуктоого шектелген сот аткаруучулар кызматтарынан бошоп, үй камагына чыгарылган. Мындан улам Арабекова өлкө жетекчилигине кайрылып, аталган адамдарды сот жообуна тартууну суранып жатат.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
06.06.2014. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
айнура токтошевага уюлдук телефон эми жеткен окшойт
06.06.2014. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ал телефонун жаны алган болчу
06.06.2014. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ручкасы да 1 сомдук го пара алганда бир кымбатыраак ручка заказ кылып коюшу керек экен
06.06.2014. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча суйлогондо Акыйкат к....н кысып калат!
06.06.2014. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сотто беспредел кудайыма гана ишенуу керек
06.06.2014. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ручкасына же телефонуна карабай, аткарган жумушуна конул болсок жакшы болмок.А ручка бир сомбу же эки сомбу главное жазса болду,телефон да ушундай.
06.06.2014. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Adam balasyn ar turduu nerseler kyzyktyrat eken da. Ruchka,kiyimge konul burbai zorduktalgan aiyl tuuraluu oilonboisunarby. Myndai tagdyrdy buirubasyn Kudaiym. Ushundai keyishtuu okuya tursa kaiaktagy ruchkany jazasynar. Je al maaniluubu.
06.06.2014. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бир акчасы коп эчнерсени ойлонбогон атасы байдын балдарыго дейм тиги учоо
07.06.2014. 06:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
бул айымга не болгон?озун о3у реклама кылып,мени зордуктап кетти деп,откондо эле окудум эле.
Модератор admin_portal түзөттү 09.06.2014 12:54
07.06.2014. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
4alma77,Бул айым,чон эле аял экен озун реклама кылып жинди болду дейсинби?Бул аял акыйкат издеп,барбаган эшиги (кирбеген тешиги)калган учун журналистер аркылуу,бут Кыргыз эли уксун деп,бизде адилеттулук жок экенинен,жаны кашайгандан чырылдап жаткандыр.Ошол сотордун кыздарын,карындаштарын зордоп кетишсе корот элек.
Модератор admin_portal түзөттү 09.06.2014 12:53
07.06.2014. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
4alma77, ozun ozu reklama kylgan jok, bul ayaldi zorduktagandar kochodo jurushot ar kim ele bolso jany kashaiat da, kozdoru mai basip alchusun alip koe berip jiberse oshol akchaga satylgan parakorlodu xxx xxx
Модератор admin_media түзөттү 08.06.2014 11:50
07.06.2014. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurgul-92,Шиш кызытып кылмышкерлерге эмес,адилетсиз чечим чыгарып жаткан сотторго басыш керек.Мумкун ошондо кылмыш азайып,адилеттуулук окум сурмок.Ар бир областан бирден эле "Zorro" чыкса,бир сыйра тазаланып калмакпыз.
07.06.2014. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erhan, salamatsyzby men kylmyshkerlerge debedim men para korlorgo dedim
09.06.2014. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4alma77 - 3 күнгө БАН!
Аймактык бөлүү жагна бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюы салынат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: