super.kg logo
  Саясат  

Талас. Унаасы менен 2 адамды сүзүп качып кеткен жаран кармалып, камакка алынды

 

12-январь күнү саат 00:30 чамасында Талас - Тараз - Суусамыр унаа жолунунда Талас районунун Көк-Кашат айылынын тургундары Райымбеков Эмилбек жана Сурапов Маратты унаа сүзүп кетип, окуяга күнөөлүү белгисиз жаран из жашырган. Бул тууралуу Талас облустук ИИБинин басма сөз кызматынын ага инспектору Максат Абдысеитов билдирди. Кырсыктан оор жаракат алган аталган 2 жаран ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келе албай 24 жаштагы Сурапов Марат каза болду. Көп узабай кырсык боюнча Талас РИИБинин кызматкерлери тарабынан аталган райондун Көпүрө-Базар айылынын тургуну Апышев Кадырбек кармалды. Иликтөө иштеринде кылмышка шектүү жаран өзүнүн Ауди-80 үлгүсүндөгү унаасы менен кырсыкка себепкер болгондугу аныкталды. Учурда күнөөлүү айдоочу убактылуу кармоочу жайда камакта, тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: