super.kg logo

"Баңгизатын колдонгон жаран бир жылда 10го жакын адамды өз чөйрөсүнө алып кирет" дейт нарколог

 
Ош облус аралык наркалогия борборунун жетекчиси Таштемир Атабаев

Баңгизатын колдонгон жаран бир жылда 10го жакын адамды өз чөйрөсүнө алып кирет. Мындай билдирүүнү бүгүн, 8-июнда Ош облус аралык наркология борборунун жетекчиси Таштемир Атабаев билдирди.

Анын айтымында, баңгизат менен алектенген ишкерлер кардарларын көбөйтүү үчүн баңгизатын колдонгон адамды пайдаланышат. Ал адам бир жылда 7-10 адамды өз чөйрөсүнө ээрчитип кирет. Ал үчүн ага сыйлык катары баңгизат бекер берилип турат.

"Көбүнесе каралбай калган балдар бул чөйрөгө тез берилип кетишет. Алардын ичинде байлардын балдары да кирип, чыга албай калган учурлар көп. Булардын берилип кеткенинин бирден-бир себеби - ата-энесинин көзөмөлүнүн жоктугу. Алар балага эркиндик берип салышат. Бирок ошол эркиндиктин багытын туура беришпегендигинен улам уулдары ушул жолго түшүүдө",- деди ал.

"Бизге балдардын ата-энелери кайрылышат. "Биз бир жылдан кийин билдик, балабыз баңгизатын колдонгонун" же "чөнтөгүнөн кызыктай чөптөр чыкты, ошондон улам күмөн санадым" дегендери болот.  Ошол бир жылга чейин каякта жүрдү? Менимче, ата-эне баланын күнүмдүк жашоосун суракка алып, эмне менен алек болгонун, эмне үчүн чыгашасы көп болуп жатканынан кабардар болуп турушу керек. Баңгизатын колдонгондордун бирден-бир себеби ата-эненин кароосунда болбогондугунда болуп жатат, тилекке каршы”,- деп кошумчалады.

Айта кетсек, жыл сайын баңгизатын колдонгондордун саны өсүүдө. 26-Июнь - Бүткүл дүйнөлүк баңгизатка каршы күрөшүү күнү катары белгиленип келет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: