super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Нарын облустук ооруканасынын неврология бөлүмүнүн имараты жаңыдан курулат

 

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жетекчиси Муратбек Атбаевдин билдиришинче, оорукананын неврология бөлүмүнүн жаңы имараты курулат. Атбаев бул имараттын эскилиги жетип, жаңылоо маселеси 10 жылдан бери чечилбей келе жатканын айтат. "Авариялык абалдагы бул имарат бейтаптар жана медицина кызматкерлери үчүн кооптуу. 2012-жылдын аягында бул көйгөйлүү маселе жогору жакка жетип, мамлекеттик казынадан 10 миллион сом каралган. Алгач 3 миллион сом бөлүнүп берилип, имараттын пайдубалын тургузууга чуңкуру казылып бүттү. Декабрь айында 1,5 миллион сом бөлүнүп, алгачкы курулуш иштери башталган. Учурда кыш мезгилинин суук болгондугуна байланыштуу курулуш иштери токтоп турат. Эгерде убагынан кечиктирилбей, акча толугу менен которула турган болсо, куруучулар 2013-жылы бүтүрүп, жылдын аягына чейин ишке беришерин айтышты",- дейт Муратбек Атбаев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: