Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү коррупцияга каршы күрөшүү планын иштеп чыкты
Өкмөттүн Нарын облусундагы
өкүлчүлүгү 7-июнь күнү коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ички ведомстволук
иш-пландарды иштеп чыгып, ага ылайык атайын курам түздү. Бул тууралуу жергиликтүү
өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, ар бир квартал сайын иш-пландын аткарылышы боюнча тиешелүү жергиликтүү органдарга маалымат берүү, аппарат кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жакшыртуу, ишеним кутучаларды уюштуруу сыяктуу 18 бөлүктөн турган жобо кабыл алынып, аны өкүл Аманбай Кайыпов бекитти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.