super.kg logo
  Спорт  

Теннис боюнча Франциянын Ачык биринчилигин Рафаэль Надаль менен Мария Шарапова утту

 
Рафаэль Надаль
Мария Шарапованын чемпиондук фотосессиясы...

Кечээ, 8-июнда Париж шаарында Франциянын теннис боюнча Ачык биринчилиги жыйынтыкталды. Чоң шлем түркүмүнө кирген 4 мелдештин бири болгон Франциянын биринчилигинде испаниялык Рафаэль Надаль (мырзалар арасында) менен орусиялык Мария Шарапова (айымдар арасында) жеңүүчү аталышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, финалдык беттеште Рафаэль Надаль сербиялык Новак Жоковичтин үстүнөн жеңишке жетишсе (3:6, 7:5, 6:2, 6:4), Мария Шарапова финалда румыниялык Симона Халепти утту (6:4, 6:7 (5), 6:4).

Кошумчалай кетсек, бул жеңиш менен Рафаэль Надаль Франциянын Ачык чемпиондугун 9-ирет, ал эми жалпы Чоң шлем түркүмүндөгү мелдештерди 14-ирет ута алды. Ал эми орусиялык теннисчи кыз М.Шарапова аталган мелдешти экинчи ирет, ал эми Чоң шлем түркүмүндөгү мелдештерде 5-ирет жеңишке жетишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.06.2014. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ото кызык болду М.Шарапованыкын кордум дайыма болеть этем
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: