super.kg logo

Бишкек шаарындагы кафелердин биринен мас абалындагы милиция кызматкерлеринин кардарларга ок чыгарышканы айтылууда

 

"Бишкек шаарындагы кафелердин биринен мас абалындагы милиция кызматкерлери кардарларга ок чыгарышкан" деген маалымат иликтенип жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 9-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, азырынча ок чыгаргандардын милиция кызматкерлери экени тактала элек.

“Бул боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Эгер ок чыгаргандар милиция кызматкерлери болушса, алар жазасын алышат. Учурда ал боюнча эч ким арыз менен милицияга кайрыла элек”,- деди ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Жоробай Абдраимов.

Айта кетсек, буга чейин “6-июндан 7-июнга караган түнү Бишкек шаарындагы кафелердин биринен мас абалындагы милиция кызматкерлери кардарларга ок чыгарышкан” деген маалымат тараган. Анда милиция кызматкерлери кафенин кардарларынын бири менен урушуп, андан соң тапанчадан ок чыгарышкан. Анын жыйынтыгында 3 адам ооруканага жеткирилгени айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.06.2014. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арыз тушо элек дегилечи. Карга карганын козун чукубайт дейт. Мил/р мас болуп алып ошону кылса аман эле болгулачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: