super.kg logo
  Спорт  

Мушкер Мигель Котто атаандашы Серхио Мартинести нокаутка учуратып, чемпион аталды (фоторепортаж)

 
Беттеш Нью-Йорк шаарында өттү.
Мартинес беттешке чейинки жолугушууга футбол боюнча Аргентина курама командасынын формасын кийип келди.
Мигель Котто бул беттеште таамайлыгы менен айырмаланып турду.
Мигель Котто бул беттеште таамайлыгы менен айырмаланып турду.
1-раундда катталган нокдаундар ринг кожоюнун эрте эле аныктап бергендей болду.
Мартинес да өз кезегинде жооп кайтарып жатты.
Мартинес да өз кезегинде жооп кайтарып жатты.
Мигель Котто ыкчамдык жагынан да алдыда болду.
Мигель Котто ыкчамдык жагынан да алдыда болду.
Мигель Котто ыкчамдык жагынан да алдыда болду.
Мартинес кезектеги соккуга туш болуп, ринг төшөлмөсүн кучактай жыгылды.
Калыс Мартинестин беттешке даярдыгын текшерүүдө.
Беттештин жүрүшүнөн...
Мигель Котто жарым орто салмакта (72 килограммга чейинки салмактык бөлүк) жаңы чемпион аталды.
Белгилүү рэп ырчысы 50 Cent`ти мындай ири беттештерде көрүү көпчүлүк үчүн жаңылык деле болбой калган. Себеби ал промоутерлик иштерди да алып барып жүрөт.
Беттешке чейин көп нерсени убада кылган Мартинес үчүн беттеш күтүлбөгөндөй башталып, күтүлбөгөн жыйынтык менен аяктады.
Бир кездерде мушкерлерди кезек-кезеги менен нокаутка учураткан мушкер Майк Тайсон.
Мигель Котто жарым орто салмакта (72 килограммга чейинки салмактык бөлүк) жаңы чемпион аталды.

Пуэрторикалык мушкер Мигель Котто кечээ, 8-июнда Нью-Йорк шаарында аргентиналык Серхио Мартинес менен кез келип, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетише алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, мушкерлер WBC версиясы боюнча рингге чыгышып, 72 килограмм салмакка чейинки салмактык бөлүктө күч сынашышты. Беттеш курч мүнөздө башталып, Котто 1-раундда атаандашын 3 ирет нокдаунга учуратууга жетишти. Беттештин калган бөлүгүн Котто көзөмөлгө алганы менен, Мартинес 9-раундга чейин ишенимдүү беттеш алып барды. 9-раундда Мартинестин бутка туруусу кыйын болуп баштаганда Мартинес тарап беттешти токтотууга мажбур болду. Котто бул жеңиш менен Дүйнө чемпиону аталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: