Токтогул районунда чагылган түшүп, бир адам каза болду
Токтогул районунда чагылган түшүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган райондун Сары-Камыш айыл аймагындагы Тер-Жайлак жайлоосунда атчан жүргөн Рысбек Масиралиевди 7-июнь күнү саат 12:30 чамасында чагылган урган. Натыйжада Р.Масиралиев жеринде каза болуп, минген аты да кошо өлгөн. 8-июнь күнү маркумдун сөөгү туугандары тарабынан Сары-Камыш айылына алынып келинди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
N.mira

09.06.2014. 11:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннатта болсун.Чагылган болуп жамгыр жааганда жалгыз журбоо керек.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.