super.kg logo
  Саясат  

Украина. Пётр Порошенконун инаугурациясында жоокер ысыктан эс-учун жоготуп, куралын түшүрүп жибергени талкууга алынды

 

Украинанын президенти Пётр Порошенконун 7-июнда өткөн инаугурациясында жоокер ысыктан эс-учун жоготуп, куралын түшүрүп жибергени талкууга алынды. 

Куралын түшүргөн жоокер Александр Сикалонун жанынан Порошенко өтүп бара жаткан кезде ал денесин бир саамга башкара албай калган. 

Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы "Жоокер дароо өзүн колго алып, куралын кайра көтөрдү. Ант берүү салтанаты бүткөндөн кийин Пётр Порошенко жоокердин абалын сурап, айыгып кетүүсүн каалады. Сикалонун ден соолугу канааттандырарлык" деп билдирген. 

Пётр Порошенконун инаугурациясы учурунда Киевде абанын температурасы +30°C болуп турган. Куралын түшүргөн аскер кызматкери Украинанын Куралдуу күчтөрүндө 14 айдан бери кызмат өтөп, 40тан ашуун расмий салтанатка катышканы маалым болгон.






Порошенконун так аземинде аскер куралын түшүрүп жиберди

Пётр Порошенконун так аземинде...

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: