super.kg logo

Ош мамлекеттик университети: Жатакананын жаңы дайындалган комендантынын пара алганы боюнча соттун чечими же далилдер жок

 
Бүгүн, 9-июнда SUPER.KG порталына ОшМУнун Тарбия иштери боюнча департаментинин директору Замирбек Божонов: "Студенттер жатаканага жаңы дайындалган коменданттын үстүнөн арыз жазышкан жок. Алар мурдагы комендантты кайра кызмат ордуна коюп берүүнү суранышууда",- деп билдирди. 
Анын айтымында, буга чейин жатаканада комендант болуп Тимур Молдошев иштеп келген. "Студенттерден пара алат" деп шектелген деген билдирүүдөн кийин биз өз алдынча иликтөө жүргүзүп көрдүк. Ал эже тууралуу кандайдыр бир кылмыш иши ачылып же соттун чечими чыгарылган документти тапкан жокпуз. Аны "пара алды" деген айыптоого эч кандай факты да жок. Мурун аны кызматтан бошотпой эле башка жумушка которгон эле. Азыр кайра бул ишке дайындалып жатат. Студенттер мурдагы комендант Тимур Молдошевдин кайра иштөөсүн суранышууда. Ал окуу жайдын Чарба департаментине которулду", -деди Замирбек Божонов.
Эске салсак, интернеттеги социалдык тармактарда "студенттерден пара алат" деп кызматынан бошотулган ОшМУнун жатаканасынын коменданты кайрадан жумуш ордуна кайтып келгени талкууга алынганы айтылган. Анда жатаканалар боюнча координатор Жеңиш Элболдуев бул маселе боюнча суроого жооп берүүдөн баш тарткан эле.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: