Кыргызстандын башкы ветеринардык инспектору Дүйнөлүк эпизоотиялык бюросунун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышты
Кыргызстандын башкы ветеринардык инспектору Бүткүл дүйнөлүк эпизоотиялык бюросунун Башкы ассамблеясынын 32-жыйынына катышып келди. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Мамлекеттик ветеринария кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору Ашырбай Жусупов Францияда АКШнын мамлекеттик башкы ветеринардык инспектору Жонас Милиус менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу ветеринардык кызматтардын ишин жакшыртуу маселесин талкууга алышты.
Ошондой эле АКШнын башкы мамлекеттик ветинспектору жакынкы убактарда ветеринардык стандарттар менен таанышуу иш-аракеттерин жүргүзүү боюнча Америкага кыргыз ветеринария тармагынын адистерин чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:41
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.