Жеңиш Разаков: “Баткендин Өзбекстан менен чектеш айылдарына өзгөчө кырдаалдар киргизилди”
Баткендин Өзбекстан менен чектеш айылдарына өзгөчө кырдаалдар киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, аймакта эч кандай кагылышуу жок. Бирок Өзбекстан 5-январдан кийин чек араны, Кыргызстандын башка айылдары менен байланышуучу негизги стратегиялык жолду жаап салган. “Кыргызстанга Өзбекстан аркылуу өтүүчү Баткендин бул айылдарында дары-дармек, азык-түлүк үзгүлтүгү байкалууда. Ошондуктан аймакта өзгөчө кырдаал киргизилди”,- деп кошумчалады өкмөттүн Баткендеги өкүлү Жеңиш Разаков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

