Борбор калаадагы ээси жок жарнама мамылары бузулуп, ордуларынан алынат
Бишкектеги ээси жок, каралбай калган жарнама мамылары бузулуп, ордуларынан алынат. Ошондой эле алардын ижара келишими мындан кийин узартылбайт. Бул тууралуу кечээ, 9-июнда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек аймагында мындай жарнама мамыларынын эскилиги жетип, каралбай калган жана жергиликтүү тургундар үчүн кооптуу. Ошол себептүү ээси жок болгон мамылар демонтаж кылынмакчы. Бүгүнкү күндө шаар ичинде 13 мамынын ээси жок экени аныкталган. Ар бир мамыны демонтаж кылуу үчүн 15 миң сом сарпталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.