super.kg logo

Бишкекте Кыргыз ислам университетинин студеттеринин бүтүрүү аземи өтүп, дипломдор тапшырылды

 
Кечээ, 9-июнда Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде Кыргыз ислам университетинин 2013-2014-жылдардагы бүтүрүүчүлөрүнүн коштошуу аземи өттү. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө талыкпаган эмгек менен изденүү каалайм. Өзүңөрдүн билимиңерди өркүндөтүү менен катар өсүп келе жаткан жаш муундарга алган билимиңерди үйрөтүп, келечекте мыкты жана атактуу инсандардан болгула. Элибизге, журтубузга пайдасы тийген даанышман адамдардан болууңарга тилектешмин”,- дейт аталган окуу жайдын ректору Абдышүкүр Нарматов.

Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдү Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Токтомушев Максатбек ажы, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиев, Кыргызстан мусулмандарынын биринчи муфтийи Абдурахманов Кимсанбай ажы, төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр жана башка сыйлуу коноктор куттукташты. Ал эми аземдин соңунда бүтүрүүчүлөргө дипломдор тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: