super.kg logo
  Саясат  

"7-апрелчилер" депутат Жылдыз Жолдошовадан эл алдында кечирим суроону талап кылышууда

 

2010-жылдагы 7-апрель окуясынын катышуучулары “Ата Журт” партиясынын депутаты Жылдыз Жолдошовадан эл алдында кечирим суроону талап кылышууда. Мындай билдирүүнү Апрель окуясынын катышуучулары бүгүн, 15-январда журналисттерге берген маалымат-жыйында маалымдашты. “Апрель окуясынын идеясынын беделин түшүрбөөнү талап кылабыз”,- дешет алар. Алар ошондой эле туура эмес сүйлөгөн сөздөрү үчүн Жылдыз Жолдошованы депутаттык укугунан ажыратууну талап кылууга ниеттенип тургандарын айтышты. Эске салсак, Жылдыз Жолдошова  Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовдун 2012-жылдын 3-октябрындагы бийликти басып алуу аракетине айыпталуусу боюнча “анда 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы көтөрүлүштүн уюштуруучуларын да жоопкерчиликке тартуу керек” деп билдирген. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: