“Милан” футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болуп Филиппо Индзаги дайындалды

Италиянын футбол боюнча чемпиондугун 18 ирет уткан “Милан” футболдук клубу башкы машыктыруучусу Кларенс Зеедорф менен келишимди бузуп, башкы машыктыруучулук кызматка Филиппо Индзагини дайындады. Бул тууралуу кечээ, 9-июнда клубдун расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, 40 жаштагы адис менен келишим 2016-жылга чейин түзүлдү.
Кошумчалай кетсек, Индзаги “Милан” футболдук клубунда 2001-жылдан 2012-жылга чейин ойноп, карьерасын жыйынтыктаган. Машыктыруучулукту ал дал ушул клубдун жаштар командасын машыктыруу менен баштаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.