Улуттук статистика комитетинде Ачык эшиктер күнү өттү

Улуттук статистика комитетинде бүгүн, 10-июнда Ачык эшиктер күнү өттү. Иш-чаранын темасы: "Колдонуучулар чөйрөсүн кеңейтүүнүн перспективалары: статистиканы колдонуучулар менен өндүрүшчүлөр ортосундагы диалог". Мекемеден билдиришкендей, катышуучуларга "Калктын жашоо деңгээли", "Товар баалары жана тейлөөлөр", "Кыргызстандын тышкы соода байланышы", "Билим берүү тармагындагы тенденция" сыяктуу темалар боюнча кеңири маалымат берилди. Мындан ары аталган мекемеде статистикалык маалыматтарды туура пайдалануу боюнча журналисттерге тренингдер, кварталдык маалымат жыйындары өтүп турмакчы. Маалыматты аталган мекемеден билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

