super.kg logo

Бишкектеги өрт өчүрүүчүлөр көп кабаттуу үйдө машыгуу өткөрүштү (фоторепортаж)

 
Машыгуу башталар алдындагы тизилүү. Өрт өчүрүүчүлөрдүн эски кийимдери дароо көзгө урунат.
Өрт өчүрүүчү унаалар. 2009-жылдан бери унаалар жаңылана элек.
Өрт өчүрүүчү. Катардагы кызматкердин айлыгы 7000-8000 сомду түзөт.
Өрт өчүрүүчүлөрдү бийикке чыгаруучу тепкичи бар атайын унаа.
7-кабатка сунулган тепкич. Өрт өчүрүүчүлөр үйдүн бир тарабына чыгып барышса, экинчи тарабынан да тепкич менен түшүшөт.
7-кабатка карай чыгуу
7-кабатка карай чыгуу
Тепкичтин баш жагы кыймылдап тургандыгы өрт өчүрүүчүнүн жумушу кооптуу экендигин дагы бир жол тастыктагандай.
7-кабатта чыкты делген өрт өчүрүлүп жатат.
Өрт өчүрүүчүнүн мээлейи. Күйгөн, жыртылган...
Жумушунун оордугуна карабай өрт өчүрүүчүлөр шайыр болгонду да билишет.
Эски ийкем түтүктүн тешигинен аккан суу минтип көлчүк жаратып коёт.

Бүгүн, 10-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызматы "Көп кабаттуу үйлөрдөгү өрттү өчүрүү" деген демилге менен машыгуу иштерин жүргүздү. Машыгууга Бишкек шаарындагы бардык өрт өчүрүү бөлүмдөрү жана өздүк курамдан 50дөн ашык кызматкер катышты.

Анда өрт өчүргүчтөр атайын өрт өчүрүүчү унаалардын тепкичтери менен 7-кабатка көтөрүлүшүп, көп кабаттуу үйдүн экинчи капталынан 7-кабаттан тепкич менен ылдый түшүштү. Өрт өчүрүүчүлөр мындай машыгуулар кызматка жаңы киришкен жана мурдатан эмгектенип келе жатышкан өрт өчүрүүчүлөргө да чоң тажрыйба экендигин белгилей кетишти. Буга катар эле өрт өчүрүүчүлөр машыгуунун алкагында көп кабаттуу үйлөрдө өрт кантип өчүрүлөрүн көрсөтүп беришти. Айта кетчү жагдай, 15-июнда Кыргызстандын өрткө каршы мамлекеттик кызматына 88 жыл толот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: