super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар “Кумтөр” боюнча Жогорку Кеңештин токтомунун көпчүлүк пункттары аткарылбай жатканын айтышты

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетинин 10-июндагы жыйынында “Кумтөр” боюнча Жогорку Кеңештин 2014-жылдын 6-февралындагы токтомунун аткарылышы талкууланып, вице-премьер-министр Валерий Диль маалымат берди. 

Дилдин айтымында, Жогорку Кеңештин токтомун аткаруу боюнча иш-пландар түзүлгөн. Токтомдо белгиленген пункттардын тиешелүүлүгүнө жараша өкмөттүн тармактык министрликтери менен ведомстволору иш алып барууда. Токтомдун пункттарын аткаруу боюнча “Центерра” компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр оор жүрүп жатат. Айрым пункттар боюнча макулдашууларга жетишилсе, айрымдары ачык бойдон калууда.

Жыйында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин директорунун орун басары А.Рустамов 2014-жылга карата тоо иштеринин планын бекитүүгө уруксат берилбеши Суу кодексине туура келбегенин, тагыраак айтканда, Давыдов мөңгүсү кен иштетүү контуруна кирип кеткендигине байланыштуу болгондугун айтты. Контурга Давыдов мөңгүсүнүн кирип кеткендигин тастыктаган КР Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин директору Д.Зилалиев өндүрүш коопсуздугу боюнча дагы маселелер бардыгын билдирди.

Депутат Эркингүл Иманкожоева Жогорку Кеңештин токтомундагы көпчүлүк пункттар аткарылбаганын, “Центтера” компаниясынын аны аткаруу ниети да жоктугун билдирди. 

Комитет төрагасы Сайдулла Нышанов аткаминерлердин “сатылып” отуруп бүгүнкүдөй көйгөйлөр жаралып жатканына токтолуп, бул багытта Башкы прокуратура алгылыктуу иштерди жасап жатканын билдирди.

Жыйынтыгында “Кумтөр” боюнча парламент токтомунун аткарылышы боюнча өкмөттүн маалыматын эске алуу чечими кабыл алынды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: