super.kg logo

Эртең Жалал-Абадда 2010-жылдын июнь айындагы каргашалуу окуяны эскерүү иш-чарасы өтөт

 

11-июнда Жалал-Абадда элдин биримдигин сактоо, улуттар аралык достукту бекемдөө максатында 2010-жылдын Июнь окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ага облус жетекчиси Жусупжан Жээнбеков, шаар мэри Муктар Арапбаев, шаардык кеңештин депутаттары, облустук аксакалдар кеңеши, дин өкүлдөрү жана каргашалуу окуяда курман болгондордун жакындары, ошону менен бирге Жалал-Абад шаарындагы диаспора башчылары, бир катар мекеме-уюмдардын жетекчилери катышат. Эскерүү иш-чарасына бардыгы болуп 500гө чукул адамдын катышуусу пландалууда.

Эске салсак, 2010-жылдын июнь айында болуп өткөн каргашалуу окуяда Жалал-Абад шаары боюнча 800гө жакын жарандын жаракат алганы жана 100гө чукул адамдын бул дүйнө менен кош айтышканы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: