super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев “Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду иш жагынан өзүн көрсөтө албады” дейт

 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстанда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду эскиче иштеп, мыкты иш жасай албаганын билдирди. Оторбаев муну 10-июнда “Кыргыз алтын” жана “Түндүк электр” компанияларынын башчылары менен жолугушууда айтты. Компаниялар корпоративдик башкаруу боюнча дүйнөдөгү мыкты практиканы колдонушу керектигин белгилеген премьер: “Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча дүйнөдө кеңири таанылган тажрыйбалар бар. Аны биз терең изилдеп, өкмөттүн ишинде колдонушубуз керек. Тилекке каршы, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду өзүнүн ишмердүүлүгүндө мыкты тажрыйба көрсөтө алган жок, эскиче иштеди. Мисалы, Орусия менен Казакстанда мамлекеттик компаниялар жеке компаниялар менен ийгиликтүү атаандашат. Жеке компаниялар эч качан өзүнө ашыкча кадр алууга жол бербейт, мыктыларын гана тандайт”,- деп билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: