Баткенде чек ара жана этностор аралык мамилени чыңдоо боюнча маселелер каралды
Лейлек районундагы Сумбула айылдык округунун тургундары менен өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Ага Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Алымбек Анарбаев, облустун жана райондун жетекчилери катышты.
Анда аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, жайлоо, сугат сууларын көбөйтүү, чек ара жана этностор аралык мамилени чыңдоо боюнча маселелер каралды.
Андан сырткары Жеңиш Разаков түрк грантынын негизинде курулуп жаткан Манас жана Х.Боронбаев атындагы мектептердин курулушу менен таанышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.