Чыныбай Турсунбеков кесиптештерин убактылуу кызыкчылыктарга алданбоого чакырды
Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештеги Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин отурумунда депутат Чыныбай Турсунбеков депутаттарды утурумдук кызыкчылыктарга алданбоого чакырды. Отурумда “Сотторду тандоо” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатат.
Турсунбековдун айтымында, сотторду тандоодо айрым чектөөлөрдү киргизүү адам укугун тебелегендикке жатат. “Мен мыйзам долбоору менен таанышып чыктым. Анда “Сотторду тандоо кеңешине башка өлкөнүн уюмдарында иштегендер мүчө боло албайт” деп жазылып жатат. Парламентти, президентти шайлаган учурда укуктуу да, анан Сотторду тандоо кеңешине киришине укугу жокпу? Бул чектөө туура эмес, бизге туура келбейт”,- деди фракция лидери.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

