Өкмөт башчы: “Өз максатын түшүнбөгөн мамлекеттик компаниялардын башчылары иштен айдалат”

Кыргызстанда өз алдына коюлган тапшырмаларды түшүнбөгөн мамлекеттик компаниялардын жетекчилери кызматтарынан алынат. Муну премьер-министр Жоомарт Оторбаев 10-июнда “Кыргыз алтын” жана “Түндүк электр” компанияларынын башчылары менен жолугушууда айтты. Оторбаев аталган эки компаниянын мамлекеттик бюджеттен көз карандуулугун азайтуу тапшырмасын берди. Компания жетекчилерине кыска мөөнөттүн ичинде мекемесин реформалоо боюнча сунуштарды айтуу тапшырмасы да берилгенин өкмөттөн билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

