super.kg logo

"Калия Арабекованы зордуктады" деп шектелген Илгиз Карымбаевдин апасы: “Аны аял катары аяп жатам, бирок айтып жаткан нерселери чындыкка дал келбейт”

 
Алтынбек Алыбаевдин апасы Кулубаева Күлүйпа
Карымбаев Илгиздин апасы Коконбаева Зейнеп
Мукаш Кененсариевдин атасы Нуржан Кененсариев
Карымбаев Илгиздин апасы Коконбаева Зейнеп
Калия Арабекова

Бүгүн, 10-июнда SUPER.KG порталынын редакциясына зордуктоого шектелип жаткан Илгиз Карымбаевдин апасы Зейнеп Коконбаева келип, “Калия Арабекованы биздин балдарыбыз зордуктаган эмес” деп билдирди. Ошондой эле Алтынбек Алыбаевдин апасы Күлүйпа Кулубаева жана Мукаш Кененсаривдин атасы Нуржан Кененсариев келип, балдарынын күнөөлөрү жок экенин айтып өтүштү. 

“Чындыгында, эч кандай зордуктоо болгон эмес. Мына, экспертизанын жыйынтыгында деле жазылып турат, “жабырлануучунун денесинде эч кандай сабалгандан калган тактар жок” деп. Калия болсо “мени тапанча менен сабашты” деп жатпайбы. Сот аткаруучулар тапанча көтөрбөй турганын ал билбегендиктен, ушинтип айтып жатат. Мен ал келин менен жолукканда аны аядым, себеби балдары менен оор турмушта жашайт экен. "Жашооңдун оордугуна карабай балдарыңды багып жатканың үчүн сага медаль бериш керек экен" дедим. 

Бирок "окуянын чоо-жайын айтып берчи" десем, "мен эч нерсе чечпейм, менин прокурорум менен, тергөөчүм менен сүйлөшкүлө" дейт. Мен адамдын жеке прокурору боло тургандыгын ушул жашка келип укпаптырмын. Менимче, Калия Арабекованын артынан үйрөтүп жаткан адамдар бар. Таласта укук коргоочу болуп иштеген Арзыкан Момунтаева бардыгын үйрөтүп жаткандай. Ага барып жолуксак, “үй алып бергиле, анан тынчып калат” дейт. 

Негизи, Калия Арабекова минтип тосмо арыз жазып жатат, “Мен Алыбаев Алтынбек менен урушуп кетип, жиним келгенинен зордуктады деп арыз жазып салгам. Баарын кечирдим. Кылмыш ишин токтотууну суранам” деп. Ушундан кийин 90 миң сом алган балдардан. Кийин 100 миң болду. "Ар бириңер 100 миңден бересиңер" деген талаптар да коюлганда "сот чечим чыгарсын" деген жыйынтык чыгып отурат.

Экспертизада Алтынбек Алыбаевден башкасы менен кошулбагандыгы жөнүндө тактоо жүрөт. А бирок Алтынбек танган жок, “ооба, болгонбуз, бирок зордуктаган эмесмин, өз көңүлү менен болгон” деп айтып жатат. Зордукталган, кордолгон аялдын денесинде так калат да. 

Дагы бир айта кетчү жагдай, эми каршы тарап "болду, кечиришели, жарашалы" деп жатышат. Ушунча абийирибиз төгүлүп, Кыргызстанга жарыя болгондон кийин кантип кечиришебиз? Биз бул иштин аягына чыгабыз”,- деген оюн билдирди Коконбаева Зейнеп айым.

Эске салсак, Талас облустук сотунун Илгиз КарымбаевАлтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев аттуу сот аткаруучулары өткөн жылдын 30-декабрында Калия Арабекованы зордукташканы тууралуу жабырлануучу билдирип, окуя коомчулукта талкууга алынган. Арабекованын айтымында, аталган сот аткаруучулар келиндин мурдагы күйөөсү алимент үчүн акча которгонун айтып, “алимент акчаңды ал” деген шылтоо менен үйүнө алдап чакырып, түнү бою зордукташкан. Бул окуя боюнча Талас шаардык милициясы кылмыш ишин козгогон. Зордуктоого шектелген сот аткаруучулар кызматтарынан бошоп, үй камагына чыгарылган. Мындан улам Арабекова өлкө жетекчилигине кайрылып, аталган адамдарды сот жообуна тартууну суранган. Ал эми 6-июнда жабырлануучу “мени зордуктаган балдар башкы акыйкатчыга "укуктарыбыз тебеленип жатат" деген мааниде кайрылуу жолдошуптур” деп билдирген.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
10.06.2014. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Зордукташы зордуктап алып, эми ата-энесинин артына кире качышыптыр да, уят эле чоон эле кишилер ушинтип жатышса.Колунар менен кылганынарды моюнунар менен тартасынар.Эгерде Калия Арабекова жалган жерден каралап жатса анда ал да жооп берсин мыйзам чегинде.
Dadin түзөттү 10.06.2014 17:29
10.06.2014. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dadin, колу менен кылган эмес да
10.06.2014. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Зордуктаганы чын болсо ылайым алла озу жазасын берсин шумдугу кургурларга.
10.06.2014. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dadin Мумкун Калия Арабекова догурунуп жатат, ким билет корбогондон кийин азыр коом башкача болуп калбадыбы.
10.06.2014. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
байкуш апалар менен аталарга кыйын болду багып чонойткону аз келгенсип эми минтип дагы баштарына мушкул иш тушуруп отурушат деги биздин жашоо качан онолот ....
10.06.2014. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
шамал болбосо чоптун башы кайдан кыймылдайт. Жон эле адам зордуктады дебесе керек
11.06.2014. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошентип "паланча мин акча сурады, тукундой нерсе алып бересинер" деген создорун телефонго жаздырып алгыла да даяр доказательство кылгыла элге, антип ал жалганчы, бул жалганчы деп бири - биринерди каралай бербей.
11.06.2014. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зоокурлорду камалыш керек оз конулу менен болгон деп жатат апасы болсо эчнерсе болгон эмес дейт келин деле жинди эмес да ойунан ойлоп тапкандай .Колунан эмне келет деп жатышат да
11.06.2014. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Логист комиксин го
turgunbek түзөттү 11.06.2014 20:48
11.06.2014. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата энеси актанганы келбей эле койушпаптыр шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт го зооркурлор оз жазасын алыш керек
turgunbek түзөттү 11.06.2014 20:48
11.06.2014. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видосу болсо жакшы болот еле окуганга
11.06.2014. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kilteygen ele adamdar eken mintip apalarin jiberip koiup uydo korgolop oturgandarin karasan...kayran apalar koshuluptur dep koiushat dagy. Dagi milisiya imish...
12.06.2014. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кебетесинде муну бироо зордуктай турган адам эмес экен.менимче артист болуп жатат го дейм.уй алып берсенер дегенине караганда.
12.06.2014. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карга баласын аппагым, кирпи баласын жумшагым деген экен. Бирок ким ак, ким кара экени бизге карангы(((.
12.06.2014. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен келинге эле ишенип жатам. Тиги акмактар колунан келээрлик кылып жатышат. Жазасын тартышсын, алар дагы ушул келиндей кордолуп калышсын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: