Баткендеги чек ара жаңжалынан улам район борбору менен байланышсыз калган Бөжөй айылына ӨКМ тик учак менен азык-түлүк жеткирет
"Баткен облусунун Сох анквланын айланасындагы айылдарга өзгөчө кырдаалдар жарыяланган жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштеген кызматкерлердин бир күндүк эмгек акысына алынган азык-түлүк, дары-дармекти бүгүн, 15-январда Бөжөй айылына тик учак менен жетикирип берет. Сох анклавынын айланасындагы эки айылда абал оор, бирок өзгөчө кырдаал жарыяланган жок. Азык-түлүктү жеткирүү үчүн тик учак бөлүнгөн”,- деди Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов. ӨКМ билдиргендей, учурда чек аралардын жабылышынан район борбору менен байланышсыз калган бул айылга айланып өтүүчү жол курулуп жатат, азырынча азык-түлүк тик учак менен гана жеткирилип турмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

