Кыргызстандын ооруканаларына 75 миң долларлык медициналык жабдуулар берилет
Бишкекте эртең, 11-июнда Кыргызстандын ооруканаларына жалпы суммасы 75 миң долларды түзгөн медициналык жабдуулар өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун долбоору аркылуу Орусия өкмөтүнүн каржылоосу менен ишке ашырылууда.
Иш-чарага саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, Орусия элчилигинин өкүлдөрү, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү, аймактык жана биирктирилген облустук ооруканалардын жетекчилери жана облустук координаторлор катышмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.