Эльвира Сариева Кыргызстан менен Тажикстандын кызматташтыгы жакшырып жатканын айтты
Бүгүн, 10-июнда вице-премьер-министр Эльвира Сариева эл аралык уюмдардын жана университеттердин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анда өкмөт мүчөсү: "Көптөгөн кыргызстандык жана эл аралык уюмдар Борбордук Азия өлкөлөрү менен социалдык-гуманитардык маселелер боюнча кызматташууну кеңейтүүдө чоң жетишкендикке ээ. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча комплекстүү программа иштеп чыгуу үчүн күчүбүздү бириктиришибиз зарыл",- деп билдирди.
Сариева эки өлкөнүн достук мамилесин белгиледи. "Биз Тажикстандын вице-премьер-министри Мархабо Жаббарова менен социалдык тармакта кызматташтык боюнча сүйлөшүү жүргүздүк. Жакында билим берүү, маданият, спорт, жаштар жана аялдар темасын камтыган иш-чаралардын планын талкуулайбыз",- деди Сариева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















