Кожогелди Кулуев: "Ырчылар концерттик афишасында фонограмма же жандуу үн менен ырдай турганын билдириши керек"
15-январда ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында ырчылардын фонограмма менен ырдоосу тууралуу мыйзамына мониторинг жүргүзүүнү Маданият жана туризм министринин орун басары Кожогелди Кулуев сунуштады. “Ырчылар концерттик афишасына фонограмма менен ырдай турганын билдириши керек. Көрүүчүлөр жандуу үн менен ырдалган ырды же фонограмманы угуп жатканын билүүгө укуктуу”,- деди Кулуев. Мындай билдирүүдөн кийин өкмөткө ырчылардын афишаларын текшерүүнү тапшырды.
Айта кетсек, фонограмма менен ырдоо тууралуу мыйзам 2012-жылы 18-майда кабыл алынган. Ага ылайык, ырчылардын концерттик афишасына концерт жандуу үн же фонограмма менен өтө турганы жазылышы керек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

