Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт
Эртеӊ, 11-июнда Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө
учурайт. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда “Түндүк электр” ишканасынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 17:00гө чейин борбордогу Каспийская, Күрөңкеев, Ала-Арчинская, Чимкентская, Араванская, Панфилов көчөлөрүндө, Көк-Жар конушундагы Босого, Көк-Жайык, Арстанбап көчөлөрүндө, Ак-Ордо конушундагы Алыкулов, Арабаев, Гагарин көчөлөрүндө, ошондой эле Аламүдүн районуна караштуу Октябрь айылындагы Шопоков, Жаш Гвардия, Киев, Крупская, МТФ көчөлөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.