super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Парламенттик демократия мамлекеттик органдарды тазалай турганына көзүбүз жетти"

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 10-июнда Парламентчилер коррупцияга каршы дүйнөлүк уюмунун (GOPAC) аткаруучу директору Акааш Махаражи менен жолугушту. Жээнбеков Бишкекте 9-10-июнь күндөрү өткөн "Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүүдө мамлекеттик саясатты алга жылдыруудагы парламентаризмдин орду” аттуу эл аралык конференциянын маанисин белгиледи.

"Кыргызстан үчүн коррупцияга каршы күрөш башкы мааниге ээ. Үй-бүлөлүк-кландык систем кулатылган соң биздин алдыбызда өлкөнү ачык-айкындык жана акыйкаттуулук ынанымдарында өнүктүрүү милдети турду. Ошондон улам кыргызстандыктар 2010-жылы өзөгүн парламенттик демократияны өнүктүрүү идеясы түзгөн, ачык-айкындуулуктун кепилдиги болуп саналган жаңы Конституция кабыл алды. Өлкөнүн башкы документинде кыйла маанилүү антикоррупциялык механизмдер камтылган. Парламенттин Бюджет жана финансы комитети жана Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитети оппозицияга берилди. Конституция кабыл алынгандан кийинки төрт жыл аралыгында биз парламенттик демократия иш жүзүндө мамлекеттик башкаруу органдарын тегиз тазаланууга алып келерине көзүбүз жете баштады",- дейт төрага.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: