Алмазбек Атамбаев Орусиянын премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Ош шаарына жана Ош облусуна жардам берүү маселелерин талкуулады
Бүгүн, 10-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызмат билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкууга алышты. Ошондой эле 2014-жылдын 29-майында Астана шаарында Кыргызстан менен Орусия президенттеринин ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун практикалык кадамдарын сүйлөшүштү. Мындан сырткары Ош шаарына жана Ош облусуна жардам берүү маселелерин талкууга алышты. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

