super.kg logo
  Саясат  

Парламентте уюлдук байланыш абоненти башка операторго өткөн учурда анын телефон номурун өзгөртпөй сактап калуу демилгеси сунушталууда

 

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети 10-июндагы жыйынында "Электрдик жана почта байланышы тууралуу" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун жактырды. Долбоор боюнча демилгечи депутат Өмүрбек Текебаев баяндама жасады.

Мыйзам долбоорунда уюлдук байланыш абоненти башка операторго өткөн учурда анын номурун жылдыруу мүмкүнчүлүгү менен тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү бөлүгүнө түзөтүү киргизүү жагы каралган.

"Номурду жылдыруу кызматы керектөөчүгө телекоммуникациялык операторун алмаштырган учурда анын абоненттик номурунун өзгөртүлбөй сакталып калуусуна мүмкүнчүлүк берет. Мобилдик байланыш чегинде да, станционардык байланыш чегинде да номурларды жылдырса болот",- деди Текебаев. 

Депутат номурларды жылдыруу мүмкүнчүлүгү өлкөнүн телекоммуникациялык рыногунун өнүгүүсүнө түрткү берерин айтты. Мындай кызмат киргизилгенден кийин телекоммуникациялык операторлор менен кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ортосунда атаандаштык күчөп, телекоммуникациялык кызмат тарифи азаят, сапаты жогорулайт, керектөөчүлөр оптималдуу сунуштарды тандап алуу эркиндигине ээ болмокчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: