super.kg logo

Акыйкатчы Таластын укук коргоо органдарынын жетекчилерине зордукталган Калия Арабекованы коргоого алуу боюнча кайрылуу жасады

 

Таластын тургуну Калия Арабекова кечээ, 10-июнда КРнын Акыйкатчысына арыз менен кайрылып, өмүрү коркунучта экенине тынчсызданганын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда акыйкатчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КРнын Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлеринин тобу бул иш боюнча Талас облусунан иш сапарынан кайтып келишкен. Укук коргоочулар Талас шаарында бул чуулгандуу кылмыш ишинин тараптары, жабырлануучу К.Арабекова менен жана аны зордуктоого шектүү деп кармалган сот системинин өкүлдөрү менен да жолугушуу өткөргөн.

Учурда акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери иш сапары учурунда жүргүзүлгөн териштирүүлөрдүн жыйынтыгын чыгаруунун үстүндө иштөөдө.

КРнын Акыйкатчысы жабырлануучу К.Арабекованын саламаттыгына жана өмүрүнө коркунуч келип жатканы боюнча Талас облусунун прокурору Т.Касымбековго, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Ч.Турдугуловго жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Талас облустук башкармалыгынын башчысы Ш.Нурматовго кат менен кайрылып, К.Арабекованын саламаттыгынын жана өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн мыйзамда каралган бардык чараларды көрүүнү суранды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: