super.kg logo

Казарман айылында былтыр сууга агып кеткен 4 адамды издөө иштери жандандырылды

 

Казарман айылында былтыр сууга агып кеткен 4 адамды издөө иштери жандандырылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 11-июнда билдирди. 

Маалым болгондой, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда 2-июлда саат 18:00 чамасында Казарман айылын кесип өтүүчү Нарын дарыясында балык кармап жүрүшкөн 5 адам сууга агып кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, 1 адам тирүү калып, туугандарына кабар берген. Саат 21:00 чамасында сууга агып кеткен жарандардын туугандары тарабынан 30 адам издөө иштерин жүргүзүшүп, бирок жыйынтык болгон эмес.

2014-жылдын 10-июнунда издөө иштерин кайрадан жандандырууга КРнын ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 8 куткаруучу тартылды. Бирок Нарын дарыясында суунун агымы секундасына 450-500 метр куб болгондуктан жана сууга түшүп издөөгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан, издөө иштери жүргүзүлгөн жок. 

Маалыматтарга караганда, издөө иштери улантылат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: